Саясат

Садыр Жапаров менен Абдулла Арипов Чолпон-Атада жолугушту

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн саясий жана экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, эртең өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны маанилүү кадам болоруна ишеним артты.

Ал эми Абдулла Арипов жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жеткирди. Ошондой эле ал эки мамлекеттин лидерлери буга чейин макулдашкан пландарды ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсү жана эки элдин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-өзбек мамилесин достук, ынак коңшулук маанайда мындан ары да чыңдоону макулдашышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button