Коом
Чүйдүн Панфилов райондорунда мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо фактылары аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Жайыл, Панфилов райондорунда жана Кара-Балта капчыгайында кезектеги рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык кылуу, балык уулоо жана жайыттарды унаа менен тебелетүү сыяктуу 10 факты аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 25 миң 500 сом айып салынды.
Ошону менен бирге инспекторлор тарабынан жергиликтүү тургундар, балыкчылар жана эс алуучулар арасында жаратылышты коргоо, балык ресурстарын сактоо жана айлана-чөйрөнү булгабоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.



