Окуялар

«Гавайиде» жаңжал боюнча 11 адам кармалып, чырдын себеби айтылды

Чүйдөгү «Гавайи» эс алуу жайынын аймагындагы массалык мушташка байланыштуу 11 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-июнда милицияга Бишкек–Торугарт айланма жолунда топ жигиттер унаалар менен кубалашып, мушташып жатканы боюнча билдирүү түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Ата районунун Ивановка айылында жаштардын ортосунда жаңжал чыккандыгы аныкталган. Чыр эки өспүрүмдүн ортосундагы кыз талашуудан улам болгон. Андан соң алар досторун чакырып, калайман мушташка айланып кеткен.

Кийин бир тарап Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа менен качып, экинчи тарап аларды үч жеңил унаа менен кубалап, спринтердин айнектерин сындырган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен иш козголуп, 11 адам шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, бир катар жарандарга карата материалдар сотко жөнөтүлүп, автоунаалар айып короого киргизилген. ЖКККБ кызматкерлери тарабынан тиешелүү административдик протоколдор түзүлүп, айып пул салуу чаралары көрүлдү.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button