Окуялар

Германияда 18 жаштагы кыргызстандык каза болду

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, каргашалуу окуя 23-июнда болгон. 2008-жылы туулган Кыргызстандын жараны Германиянын Хёкстер шаарына жакын жайгашкан көлдө сууга түшүп жатып каза болгон.

Жаш жигит Германияга Ferienjob программасынын алкагында сезондук жумушка барган.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги учурда Германиянын тиешелүү органдары, жумуш берүүчү жана маркумдун жакындары менен тыгыз иш алып барууда.

Маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүнү уюштуруу жана керектүү документтерди тариздөө боюнча тиешелүү жардам көрсөтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button