УКМК: Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнүн инспектору пара алуу фактысы боюнча кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл аймагындагы айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн ири өлчөмдө (900 000 сом) акча каражатын алганы аныкталды.
Мындан улам, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (ири өлчөмдө пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 26-июнунда КР Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору Д.М.Ы кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө жана оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.
КР УКМК мамлекеттик жана муниципалдык органдарда коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча системалуу иштер улантылып жатканын билдирет.



