Кыргызстандык дарыгерлер Францияда кесиптик тажрыйба топтоодо

Улуттук госпиталдын төрт адиси Париж шаарындагы Hospital Fondation Adolphe de Rothschild клиникасында кесиптик такшалмадан өтүп жатат.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, окуу программасы эки тараптуу кол коюлган меморандумдун алкагында уюштурулууда.
Ага офтальмологдор Алмаз Түлтемиров, Гүлнара Сулайманова, невропатолог Нуржан Жапаралиева жана жаш дарыгер Бообек Сооронбеков катышууда. Кыргызстандык адистер офтальмология, витреоретиналдык хирургия, Паркинсон оорусун дарылоо жана кулак, мурун жана тамак хирургиясы боюнча заманбап ыкмаларды өздөштүрүшүүдө.
Белгиленгендей, эл аралык кызматташтык ата мекендик медицинанын сапатын жогорулатууга багытталган. Такшалма аяктагандан кийин дарыгерлер алган тажрыйбасын Улуттук госпиталдын ишине киргизип, кесиптештерине жайылтууну пландашууда.



