Бишкекте Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын муралы жаңыртылат

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан, Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаева тартылган мурал сырдалып, жаңыланууда.
Кызыл алма тасмасынан шыктанган сүрөт алгач 2022-жылдын май айында пайда болгон. Анда Бишкек мэриясы бул дубал сүрөтү «Джубили Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынын демилгеси менен тартылганын билдирген.
Компаниянын директору Валерия Хегай бир нече күн мурда мурал жаңыртыларын маалымдап, жаңы эскизди жарыялаган. Анын айтымында, жаңы сүрөттүн темасы өзгөрбөйт — ал мурдагыдай эле «Кызыл алма» тасмасына арналат.
«Бул эмгек да Бишкек шаарынын тургундарына жана борбордун конокторуна жагат деп ишенем. Азырынча бул эскиз гана, бирок Сеидан Акунов жана KYZart group командасынын чеберчилиги менен ал чыныгы көрүнүшүндө дагы да таасирдүү болот. Жаңы муралдын маанайы бир аз башкача. Мурунку мурал биз менен төрт жыл болду», — деди Валерия Хегай.



