Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында заманбап спорткомплекси курулду

Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында заманбап үлгүдөгү жаңы спорткомплекс курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдирди.
Маалыматта айтылгандай, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 64 млн сомду түздү.
Башкы планга ылайык, спорткомплекс эки кабаттуу «А» жана «Б» блоктордон турат. Имараттын жалпы аянты 620 чарчы метр.
«Анда футбол, волейбол жана баскетбол оюндарына ылайыкталган көп функциялуу спорт залы, гимнастика залы, күрөш залы, машыктыруучунун кабинети, ошондой эле бардык шарттары каралган кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жайгашкан», — деп айтылат маалыматта.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, курулуш-монтаждоо иштерин «Проф-Альянс» ЖЧКсы аткарды.



