Коом

«Байчечекей» менен Өзбекстандын «Гунча» журналы кызматташууну баштайт

«Байчечекей» журналы (Кыргызстан) жана «Гунча» журналы (Өзбекстан) расмий кызматташтыкты баштайт. Өзбекстандык журналдын башкы редактору Дилфуза Шомаликова кыргызстандык кесиптеши Назгүл Калмамбетовага өнөктөштүк сунушун киргизип, «Байчечекей» редакциясы бул демилгени толугу менен колдоду.

Бул кызматташтык сапаттуу балдарга арналган контентти өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Долбоордун алкагында эки журналда кыргыз жана өзбек авторлорунун мыкты аңгемелери, ырлары жана жомоктору бири-биринин тилине которулуп, үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Бул жаш окурмандарды коңшу өлкөнүн маданияты жана адабияты менен жакындан тааныштырууга жардам берет.
«Гунча» журналы Өзбекстандын Элге билим берүү министрлиги тарабынан 1958-жылдын январь айынан бери 6–11 жаштагы балдар үчүн чыгарылып келет.

Ал эми «Байчечекей» журналы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында. Журнал 1977-жылдын январынан бери чыгып келет жана кийинки жылы өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгилейт.

Дилфуза Шомаликованын айтымында, мындай кызматташтык балдардын кичинекей кезинен тартып элдердин өз ара түшүнүшүүсүнө бекем негиз түзөт. Ал эми Назгүл Калмамбетова сапаттуу адабий чыгармалардын алмашуусу өсүп келе жаткан муундун дүйнө таанымын жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө чоң өбөлгө болорун белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button