Кыргызстанда ажылык жана умра сапарын уюштуруунун жаңы тартиби сунушталды

Кыргызстанда жарандардын Меккеге ажылык (хадж) жана умра сапарын уюштуруунун жаңы тартиби сунушталды. Документте мамлекеттин ролун күчөтүү, зыяратчыларды каттоо процессин санариптештирүү жана сапардын баасын түзүүнүн так механизмин киргизүү каралган.
Долбоорго ылайык, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ажылык жана умра маселелери боюнча Кыргызстандын атынан Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги жана падышалыктын башка мекемелери менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ошондой эле учурда зыяратчыларды каттоо жана документтерди чогултуу мамлекеттик маалыматтык системалар менен толук интеграцияланбаганы белгиленип, анын айынан маалыматтарды кол менен киргизүү жана кагаз документтерди тапшыруу талап кылынары айтылат.
Мындан тышкары, долбоордо каржылык ачык-айкындуулукка өзгөчө көңүл бурулган. Анда зыяратчылардын төлөмдөрүн эсепке алуу жана кайтаруу тартибин тактоо, ошондой эле сапардын наркын милдеттүү жана кошумча чыгымдарга бөлүп эсептөөнүн бирдиктүү ыкмасын киргизүү сунушталууда.
Долбоордун авторлору авиаташууларды уюштурууга жана ажылыкты даярдоого катышкан компанияларды тандоого дагы так талаптарды киргизүүнү сунуштап, сынактарды ачык өткөрүү жана кабыл алынган чечимдерди расмий каттоону карашкан.
Маалымкатта жаңы тартип зыяратчылардын коопсуздугун камсыздоого, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталгандыгы белгиленген.



