Коом
Суусамыр өрөөнүндө Дары чөптөр фестивалы өттү

Суусамыр өрөөнүндө Дары чөптөр фестивалы уюштурулуп, дары чөп өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда алгачкы жолу «Ден соолук кербени» өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Иш-чараны министрликтин өнөктөшү болгон Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы дары чөптөрдү, фитопродукцияны жана аарычылык продукциясын өндүрүүчүлөрдүн «АЙМАК» кластердик ассоциациясы демилгеледи.
Фестивалдын жыйынтыгында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, дары чөптөрдү өстүрүүнү кеңейтүү жана алардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча резолюция кабыл алынды.
Ошондой эле кийинки Дары чөптөр фестивалы Ысык-Көл облусунда өтөрү белгиленди.



