Коом

Улуттук гвардиянын 34 жылдыгы белгиленди

Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүндө мекеменин түзүлгөндүгүнүн 34 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Генералдык штабдын башчысы Тариэл Отонбаев, Улуттук гвардиянын кол башчысы Данияр Исаков, мурдагы кол башчылар, ардагерлер жана коноктор катышты.

Кызматта өзгөчөлөнгөн аскерлерге жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө дипломдор, медалдар, кубоктор жана баалуу белектер берилди.

Салтанаттын соңунда гвардиячылардын көргөзмө чыгуулары жана аскердик оркестрдин майрамдык концерти тартууланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button