Коом

«Мадина» базары 1-августтан тарта реконструкциялана баштайт

Бишкек шаарындагы «Мадина» базары 1-августтан тарта реконструкциялана баштайт, ал эми сатуучуларга жакын аймактардан жаңы соода орундары сунушталды.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев ал жердеги соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, объекти жаңыланарын дагы бир ирет эске салды.

«Мадина» базары да бул иштерден четте калбайт. Борбор калаада көрктөндүрүүнү күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары кандай бузулбашы зарыл», — деген калаа башчысы.

Жыйында ишкерлердин өкүлдөрү бардык маселелерди кеңири талкуулап, биргелешип чечүү үчүн комиссия түзүүнү сунушташты. Мэр бул демилгени колдоп, комиссияны түзүүнү тапшырды. Аны мэрдин орун басары Атай Муратбек жетектемей болду.

Тектеш кабарлар

Back to top button