Коом

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө салыштырмалуу азайды

Өткөн суткада Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 48,4 миллион киловатт-саатты түзүп, мурунку күндөргө салыштырмалуу төмөн болду.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн энергетикалык системасы штаттык режимде иштеп жатат. Ашыкча жүктөмдөр жана авариялык кырдаалдар катталган жок.

2026-жылдын 22-июлуна карата энергетикалык объектилер туруктуу иштеп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр тармактарында пландуу оңдоо иштери уланууда.

Министрлик пландуу оңдоо иштеринин графиги «УЭТК» ААКнын расмий сайтында жана «Менин жарыгым» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү экенин билдирди.

Энергетиктер жарандарды өзгөчө электр энергиясы көп колдонулган сааттарда жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырып, бул энергосистеманын туруктуу иштешин камсыздоого жардам берерин белгилешти.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында энергосистемага күч келгендиктен электр энергиясы убактылуу өчүрүлө баштаган.

«УЭТК» маалыматына ылайык, Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы аптаптуу ысыкка байланыштуу электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жеткен.

Натыйжада электр тармактарынын жабдуулары максималдуу жүктөм менен иштеп, айрым электр берүү линияларындагы жүк уруксат берилген чектен ашкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button