Саясат

Кыргызстан менен Беларустун тышкы иштер министрлери жолугушту

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2026-жылдын 22–23-июль күндөрү Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

22-июлда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин расмий сүйлөшүүлөрү өтүп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери кеңири талкууланды.

Тараптар мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөттөрдүн деңгээлиндеги туруктуу саясий диалогду жогору баалап, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты. Ошондой эле кыргыз-беларусь мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө биргелешип аракет көрүүгө даяр экенин ырасташты.

Жолугушууда өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү мөөнөттөрү жана эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын уюштуруу маселелери да талкууланды.

Мындан тышкары, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Беларусь тышкы иштер министри Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Жээнбек Кулубаев Беларусь тарапты 2027-жылы өтө турган Экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды. Жолугушуунун соңунда Максим Рыженков кыргызстандык кесиптешин Беларусь Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button