Спорт
Ысык-Көлдө “Формула-1” мелдешинин жеңүүчүсү аныкталды

Кыргызстанда биринчи жолу өткөн “Суудагы Формула-1” мелдешинин баш байгесин азыркы дүйнө чемпиону Шон Торренте утуп алды.
Victory Team командасынын америкалык пилоту жеңүүчүсү болсо, экинчини швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стрёмой ээледи.
UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы Бает айылында, 7 повороттук буй орнотулуп, атайын даярдалган 1 929 метрлик трассада өттү. Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышты.
Спортчулар саатына 250 чакырымга чейин ылдамдык менен жүрүүчү жана саатына 100 чакырымга чейинки ылдамдыкты 3 секунддан аз убакта топтоого жөндөмдүү жогорку технологиялуу жарыш катамарандарында күч сынашышты.



