Спорт
Кыргызстандын жаш футболчулары октябрда өтүүчү дүйнө чемпионатына катышат

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жаңы турнир түзүлгөндүгүн жарыялады.
Тактап айтканда 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы фестивалга федерациянын 211 мүчөсү катыша алат.
Турнир үстүбүздөгү жылдын 22-31-октябрында Азербайжанда өтөт. Беттештер 7×7, 8×8 жана 9×9 форматында, оюн убактысы кыскартылып, кичирейтилген талааларда өткөрүлөт.
«Мындай формат таймашты динамикалуу жана жаш футболчулар үчүн жеткиликтүү кылат», — деп айтылат ФИФАнын билдирүүсүндө.
Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын командасы бул турнирге катышарын тастыктады.



