Ысык-Көлдөгү «Формула-1» жарышына Джеки Чан менен Жан-Клод Ван Дамм келиши мүмкүн

Ысык-Көлдө өтө турган суудагы «Формула-1» (F1H2O) жарыштарына дүйнөгө белгилүү актёрлор Джеки Чан жана Жан-Клод Ван Дамм келиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов билдирди.
Анын айтымында, федерация бир катар дүйнөлүк жылдыздарды мелдешке чакыруу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
«Биз Кытайдагы белгилүү актёр Джеки Чанга бир нече жолу чакыруу жөнөткөнбүз. Анын иш графиги абдан тыгыз экенин баары билет. Азырынча анын келишин күтүп жатабыз, бирок так айта албайбыз. Мындан тышкары, Жан-Клод Ван Дамм макул болсо, аны Кыргызстанга алып келүү үчүн учурда Мадридде учак даяр турат», — деди Абылкасымов.
Ал ошондой эле белгилүү футболчу Криштиану Роналду тууралуу суроого жооп берип, Кыргызстан кийинки этаптагы оюндарга аны чакырууну пландап жатканын белгиледи.



