Окуялар
Кыргызстанда таңга маал жер титирөө катталды

Кыргызстандын түштүгүндө бүгүн таңкы саат 05:35те жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогундагы күчү болжол менен 3 баллды түзгөн.
Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркасында, Кашка-Суу айылынан 18 чакырым, Кара-Өтөк айылынан 30 чакырым жана Ош шаарынан 88 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.



