Коом

ММК фондунун 2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктары чыкты

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын өзүнүн Кеңешинде карады.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ММК фондунун  2025-жылдагы бекитилген бюджети 2 012,2 млн сомго көбөйтүлүп, кирешелер жана чыгашалар боюнча 10 340,1 млн сом суммасында такталган. Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча киреше бөлүгү 10 598,0 млн сомду түзүп, план 102,5 пайызга аткарылган. Ал эми чыгашалар такталган планга салыштырмалуу 82,3 пайызга гана аткарылып, 8 505,4 млн сомду түзгөн же  1 834,7 млн сомго аз сарпталган.

Аудиттин жыйынтыгында каражаттарды пайдалануу жалпысынан мыйзам талаптарына шайкеш келери белгиленгени менен, айрым каржылык бузуулар жана бюджетти башкаруудагы кемчиликтер аныкталган, анын ичинен:

Бюджетти түзүүдө жана аткаруудагы бузуулар, эмгек акы төлөө тартибинин шарттарын сактабастан төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү, курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу жана ченемден ашык чыгымдоолор орун алган.

Мындан сырткары,  эсеп жана отчеттуулук тартибин, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардагы бузуулар түзөт.

Аудиттин жыйынтыгы менен финансылык тартип бузууларды жана кемчилдиктерди жоюу жана бюджетке каражаттарды ордуна коюу үчүн  жазма буйрук жана сунуштамаларды жөнөтүү чечимдери кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button