Architecture Hub «Бишкек Аренаны» Борбор Азиядагы эң чоң стадион деп атады

Эл аралык архитектуралык Architecture Hub паблиги «Бишкек Арена» стадионунун курулушу тууралуу маалымат жарыялады. Анын Facebook баракчасында 1,9 миллионго жакын катталуучу бар.
Басылманын маалыматында стадиондун архитектуралык концепциясына көңүл бурулган. Анын тегерек формасы жана кызыл-ак түстөгү тор сымал фасады кыргыздын салттуу боз үйүнүн түзүлүшү менен оймо-чиймелеринен шыктанылып жасалганы айтылат.
«Кыргыздын салттуу турак жайы 51 миң орундуу стадиондун масштабында кайрадан иштелип чыкты», — деп жазылган билдирүүдө.
Architecture Hub «Бишкек Аренаны» Борбор Азиядагы эң чоң стадион деп атаган.
Белгилей кетсек, стадион Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Орок айылында курулууда. Ага 20 гектар жер бөлүнгөн.
«Бишкек Арена» негизинен футбол беттештерин өткөрүүгө арналган. Алгач стадион 45 миң көрүүчүгө ылайыкталганы пландалган, кийинчерээк сыйымдуулугу 51 миң орунга чейин көбөйтүлгөн.
Комплекстин курамына соода жана кеңсе жайлары, фуд-корттор, ошондой эле 2 миңден ашык унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай кирет.
2026-жылдын 31-августунда «Бишкек Аренада» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөрү күтүлүүдө. Ал эми стадиондун өзүнүн расмий ачылыш аземи сентябрдын аягына чейин өзүнчө өткөрүлөрү пландалууда.
Курулуштун баштапкы баасы болжол менен 60 миллион доллар деп эсептелген.



