Ала-Букада жаңы сот имараты пайдаланууга берилди

Ала-Бука райондук сотунун жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, сот тутумунун өкүлдөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Медербек Сатыев жаңы имараттын ачылышы сот системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жарандар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Эки кабаттуу имаратта сот залдары, судьялардын жана кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, архив, «Бирдиктүү терезе» кызматы, адвокаттар жана прокурорлор үчүн кабинеттер, күбөлөргө жана балдарга арналган бөлмөлөр каралган. Имарат заманбап коопсуздук жана инженердик системалар менен жабдылган.
Ала-Бука райондук сотунда 3 судья, 9 сот аппаратынын кызматкери, 8 кенже тейлөөчү персонал жана 6 сот приставы эмгектенет.



