Коом

УКМК пара талап кылуу фактысы боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин кармады — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында, ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.       

КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда жарандардын маселелерин оң жагына чечип берүү үчүн (колдонуудагы конструкцияны бир жер тилкесинен башкасына көчүрүү маселеси боюнча) акча каражатын талап кылган фактынын негизинде өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алып жаткан жеринен Төө-Моюн айыл аймагынын жооптуу катчысы Г.у.А., ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар Төө-Моюн айыл аймагынын башчысынын орун басары И.М.А. кармалды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button