Бишкек мэриясы автобустардагы «Бишкет» деген жазуу боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясы социалдык тармактарда автобустардын стикерлеринде шаар аталышы туура эмес жазылганы тууралуу тараган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.
Алдыдагы ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата шаардагы автобустарга атайын бренддик жасалгалар чапталган.
Буга чейин социалдык тармактарда автобустардын бириндеги стикердин сүрөтү жана видеосу тараган. Анда «Бишкек» дегендин ордуна «Бишкет» деп жазылганы көрүнгөн.
Мэриянын маалыматына караганда, бул сүрөт жана видео жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн.
Муниципалитеттин билдирүүсүндө, бренддик стикерлер чапталган ар бир автобус «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү тарабынан текшерилип, кабыл алынганы айтылат.
Социалдык тармактарда маалымат тарагандан кийин 800 автобустун баары кайрадан текшерилген. Текшерилген унаалардын биринде да мындай жазуу бар экени тастыкталган эмес. Учурда текшерүү иштери уланууда.
Ошондой эле бардык бренддик стикерлер бир типографияда бирдиктүү үлгү боюнча даярдалганы белгиленди. Эгер техникалык же типографиялык ката кеткен болсо, анда ал бардык автобустардагы стикерлерде кайталанмак.
Мэрия «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы текшерүү иштерин улантып жатканын кошумчалады.



