Коом

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7 пайызга азайды

2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,5 миң жумушсуз жаран каттоодо турган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 пайызга аз. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиялык жыйынында министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов билдирди.

Расмий жумушсуз макамы 37,8 миң адамда болгон. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга аз.Салыштыруу үчүн, былтыр каттоодо 65,4 миң жумушсуз турган. Алардын ичинен 45,5 миң адам расмий жумушсуз макамына ээ болгон.

Өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 1,3 пайызын түзөт.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7,1 миң адам жумушка орношкон. Дагы 13,1 миң жаран иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү чаралар менен камтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button