Бишкекте электросамокаттарды колдонууга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкектин борборунда «Яндекс Go» кызматынын электросамокаттарынын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул чектөө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу.
«Мэриянын өтүнүчү менен ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткандыгына байланыштуу бул аймакта “Яндекс Go” кызматынын самокаттарын колдонууга убактылуу чектөө киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.
Тактап айтканда, Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки аймакта «Яндекс Go» самокаттарын ижарага алуу мүмкүн болбойт. Бул аймакта колдонмодо жеткиликтүү жеке мобилдүүлүк каражаттары көрсөтүлбөйт.Чектөө эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде күчүндө болот.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Оюндун ачылыш аземи 31-августта Бишкектеги жаңы «Бишкек Арена» стадионунда болот.
Ал эми ШКУнун саммити борбор калаада 31-август жана 1-сентябрь күндөрү өтөт.



