Бишкекте парктардан алынган күркөлөр кайра орнотулбайт

Бишкек мэриясы буга чейин алынган күркөлөрдү жана жеңил типтеги башка объектилерди шаардагы сейил бактарга жана скверлерге кайра орнотууну пландабайт.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына байланыштуу сейил бактардагы жана скверлердеги жеңил типтеги объектилердин алынганы айтылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу эмес.
«29-августта шаардын парктары менен скверлеринде жеңил типтеги объектилерди (ЖТО) жайгаштыруу боюнча ижара келишимдеринин мөөнөтү аяктады. Буга байланыштуу мурда алынган күркөлөрдү жана жеңил типтеги башка объектилерди борбор калаанын парктарына жана скверлерине кайра кайтаруу пландалган жок», — деп билдиришти мэриядан.
Муниципалитет мыйзамсыз объектилер орнотулган же башка мыйзам бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.



