Коом
«Бишкек Аренага» белгилүү ырчы Шакира келет

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жакында «Бишкек Аренага» дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира келерин анонс кылды.
Ал соцбаракчасынан ырчынын видеосун жүктөп «Жакында «Бишкек Аренада», күтүп жатасыздарбы?» деп жазган. Бирок азырынча концерт кайсы датада өтөрү жана билеттердин баасы белгисиз.
Шакира — дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы жана бийчи. Ал 1977-жылы 2-февралда Колумбиянын Барранкилья шаарында төрөлгөн. Шакира «Hips Don»t Lie», «Waka Waka», «Whenever, Wherever» сыяктуу ырлары менен таанылган.



