Коом

Өлкөдөгү төрт завод жылына 70 миң тонна балык жемин чыгарат

Кыргызстан 10-сентябрдан тарта балык жеминин импортун алты айга чектей турганын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү төрт завод жылына 70 миң тонна жем чыгара алат, ал эми ички керектөө 20-30 миң тоннаны түзөт.

Жергиликтүү жемдин килограммы 195-205 сомдон сатылары айтылды. Чектөөгө чейин төлөнүп, жолго чыккан товарлар гана өлкөгө киргизилет.

Өлкөдө жалпысынан 566 балык чарбасы бар. Кыргызстан жылына 20 миң тоннага жакын балык өстүрүп, анын басымдуу бөлүгүн ЕАЭБ мүчөсү Россияга экспорттойт.

Тектеш кабарлар

Back to top button