УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада аяктады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 2026-жылдын 11-сентябрында, Ысык-Көл облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Спартакиадага УКМКнын бардык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери, ошондой эле мекеменин ардагерлери катышты. Буга чейин маалымдалгандай, мелдештер спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: эркектер арасында жалпы командалык мелдештер — футбол, волейбол жана баскетбол; жеке мелдеш — шахмат. Кыз-келиндер арасында баскетбол (эстафета), 1000 метр аралыкка чуркоо жана дартс боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Иш-чаранын салтанаттуу жабылыш аземинде КР УКМК Төрагасы, генерал-майор М.Асаналиев спортчуларга расмий кайрылуу жасады. Ал бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, спортту өнүктүрүүнүн жана аскер кызматчыларынын дене тарбия даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуучу негизги факторлордун бири экенин айтып өттү.
Ошондой эле Төрага спорттук машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүү тартипти, командалык духту жана жалпы күжүрмөн даярдыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Спартакиада сергек жашоо образын жайылтуу, кызматкерлер арасынан мыкты спортчуларды аныктоо, ошондой эле күч түзүмдөрүндө корпоративдик духту чыңдоо максатында өткөрүлөт.
Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Төраганын кубогу жана байгелери тапшырылды.



