Коом
Таласта коомдук коопсуздук санариптик технологиялардын жардамы менен камсыздалууда

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо мезгилинде Талас облусунда коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Талас шаарында жана облустун аймагында орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен коомдук жайлар, эл көп топтолгон аймактар жана жол кыймылы көзөмөлдөнүүдө.

Видеобайкоо камераларынан алынган маалыматтар ыкчам кырдаалды көзөмөлдөөгө, транспорт агымын жөнгө салууга жана аныкталган укук бузуулар боюнча өз убагында чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан учурда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.



