Коом

Кыргызстанда малды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети Кыргызстандан ири мүйүздүү малды, жылкыны, койду жана эчкини экспорттоого 6 айга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рынокто азык-түлүктүн баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган.Тыюу салуу токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин иштей баштайт.

Чектөө төмөнкү учурларга жайылтылбайт:

жаныбарларды Кыргызстан аркылуу транзиттик ташууга;

мелдештерге катышуу үчүн чыгарылып жаткан спорттук жылкыларга;

чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белек катары берилүүчү жылкыларга;

асыл тукум койлорго;

Кыргызстанда өстүрүлбөгөн жана мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» ААК аркылуу экспорттолгон тирүү малга;

аба транспорту менен чыгарылып жаткан жылкыларга;

эшектерге.

Бажы жана Чек ара кызматтарына, ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине малды мыйзамсыз чыгарууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле жаңы токтом менен 2026-жылдын 9-мартындагы №160 токтом жана ага 21-майда киргизилген №361 өзгөртүү күчүн жоготту деп табылды.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button