Коом

Бишкектеги мектептердин жанында патрулдук милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Бишкектеги билим берүү мекемелеринин жанында окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Башкармалыктын маалыматына караганда, патрулдук милиция кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарда мектептердин жанында нөөмөттө турушат. Алар жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, кызматкерлер окуучулар менен жол кыймылынын эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрүп, айдоочуларды мектептердин жанынан өтүүдө өзгөчө этият болууга чакырышууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button