Коом

Бишкекте биринчи жолу учак-госпиталда бейтапка операция жасалды

Бишкектеги «Манас» аэропортунда кытайлык хирургдар аллергиялык ринит менен ооруган бейтапка учактын бортунда операция жасашты. Бул мындай операциянын дүйнөдө биринчи жолу аба кемесинде жасалышы болуп калды.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, C909 учагы Кытайдын COMAC корпорациясына таандык болуп, Кыргызстанга «Ден соолуктун аба Жибек жолу» аттуу кайрымдуулук миссиясынын алкагында келген. Учактын ичинде көз жана кулак-мурду-тамак (ЛОР) операцияларын жүргүзүүгө ылайыкташтырылган операциялык бөлүм жабдылган.

Фудань университетинин алдындагы оорукананын оториноларингология бөлүмүнүн башкы дарыгери Сунь Сицайдын айтымында, бейтапты дарылоодо анын командасы иштеп чыккан аз инвазивдүү ыкма колдонулган. Бул ыкма ткандарды азыраак жабыркатууга мүмкүндүк берет.

Операция жергиликтүү анестезия менен жасалган. Дарыгердин айтымында, бейтап операция учурунда өзүн тынч сезип, ооруну жана ыңгайсыздыкты сезген эмес. Калыбына келүү процесси болжол менен 1–2 жумага созулуп, андан кийин көзөмөл текшерүүсү жүргүзүлөт.

Медициналык топтун курамында 40 адис бар. Алар көз жана ЛОР оорулары боюнча бейтаптарга учактын бортунда жана жергиликтүү ооруканада жардам көрсөтүшөт.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын маалыматына ылайык, бейтаптардын тизмесин Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен. Миссиянын алкагында 100дөн ашык операция жасоо пландалууда.

Сунь Сицайдын белгилешинче, учак-госпиталдын артыкчылыгы — ал белгиленген жерге келгенден кийин дароо иштөөгө даяр. Зарыл болгон жабдуулар алдын ала орнотулуп, операциялык бөлмөдөгү аппараттар менен инструменттердин жайгашуусу жана иш тартиби даярдалган.

Миссия 26-сентябрга чейин уланат. Анын алкагында кыргызстандыктарга акысыз консультация, текшерүү жана операциялар көрсөтүлүп, ошондой эле жергиликтүү дарыгерлер үчүн окутуу, аралыктан медициналык консилиумдарды өткөрүү жана медициналык жабдууларды өткөрүп берүү каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button