Коом

Араванда пахта терүү башталды

Араван районунда пахта терүү иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл райондо 1 миң 252 гектар аянтка пахта айдалып, дыйкандар гектарынан 60-70 центнерге чейин түшүм алууда.

Райондо негизинен кытайлык «Элита» сортундагы пахта өстүрүлөт. Пахта өндүрүүдө сууну үнөмдөөчү технологиялар, анын ичинде тамчылатып сугаруу системасы колдонулууда.

Түшүмдү жыйноодо пахта терүүчү комбайндар да пайдаланылып, бул кол менен терүүгө салыштырмалуу чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берүүдө.

Жыйналган пахта жергиликтүү пахта кабыл алуучу ишканаларга өткөрүлөт. Өндүрүлгөн пахта негизинен Кытай, Иран, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттолот.

Пахтанын баасы дүйнөлүк биржадагы бааларга жараша аныкталат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга түшүм жыйноо мезгилинде консультациялык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button