Казакстанда машыгуу учурунда каза болгон жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу 5 офицер кармалды

Казакстандын Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда 14 жоокердин каза болушуна байланыштуу Коргоо министрлигинин беш жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымдады.
Кармалгандардын арасында Куралдуу күчтөрдүн Аскер-деңиз күчтөрүнүн башкы командачысынын биринчи орун басары — штаб башчысы, эки аскер бөлүгүнүн командири, деңиз жөө аскерлер ротасынын командири жана катердин командири бар.
Алар кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылуу жана кеме башкаруу эрежелерин бузуу боюнча айыпталууда. Учурда алардын баары шектүү катары таанылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Белгилей кетсек, каргаша 24-сентябрда Актау шаарынан 43 чакырым алыстыкта, Каспий деңизинин жээгинде өткөн окуу-машыгуу учурунда болгон. Аскер кызматкерлери «Кайсар» катеринен жээкке түшүрүлүп жаткан учурда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам 17 жоокерди деңиз алып кеткен. Алардын үчөө куткарылып, 14ү каза болгон.
«Тергөөдө окуу-аскердик тапшырманы уюштуруу жана өткөрүүдө чечимдер кандай кабыл алынганы, коопсуздук талаптарынын сакталышы, гидрометеорологиялык абалдын эске алынышы, катердин техникалык абалы жана машыгууну өткөрүүгө жана аскер кызматкерлеринин коопсуздугуна жооптуу адамдардын аракеттери иликтенүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Ведомство кылмыш ишинин алкагында кармалышы мүмкүн болгон адамдар дагы көбөйүшү ыктымал экенин билдирди.
Тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.



