Коом

Чүй облусундагы интернат-мектебинде балдардын укуктарынын бузулушу аныкталды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатында балдардын жашоо жана билим алуу шарттарын, ден соолугун, коопсуздугун, социалдык жана мүлктүк укуктарынын сакталышын текшерди.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, мониторингдин жүрүшүндө интернаттын аймагы тосулбаганы, санитардык түйүндөрдүн айрымдары жеткиликсиз экени, төшөнчүлөрдү жаңылоо зарылдыгы жана аймакта таштанды топтолгону аныкталды.

Мындан тышкары, акыркы бир жылда 6 бала мекемеден качууга аракет кылган. Акыйкатчы жергиликтүү бийлик органдарын интернаттын аймагын тосуп, балдардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.

«Интернатта учурда 88 бала тарбияланат. Медициналык кароодон өткөн 71 баланын дээрлик бардыгынан тиш оорулары аныкталып, айрымдарында экзема, калкан безине байланыштуу көйгөйлөр жана көрүү боюнча көйгөйлөр бар экени белгиленди. Ошондой эле кыздардын көпчүлүгүндө бит аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, 6 жетим бала мыйзамда каралган социалдык жөлөкпулдарды албай турганы, ал эми соттун чечимдерине карабастан айрым балдарга алимент өндүрүлбөй жатканы аныкталды.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды мыйзам бузууларды жоюп, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын толук камсыз кылууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button