Ошто мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн эки жаңы заманбап комплекс ачылды

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош шаарында Калкты тейлөө борборун жана Автоунааларды каттоо бөлүмүн ачты.Эки мамлекеттик мекеме Көкүм бий көчөсү, 194–195А дарегиндеги комплексте жайгашкан.
Комплекстин «А» блогунда автоунааларды каттоо жана кайра каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, автолаборатория, конференц-зал, кызматкерлердин бөлмөлөрү жана жарандар үчүн күтүү залдары каралган.
«Борбордун теориялык экзамен тапшыруу залы бир убакта 62 талапкерди кабыл алат. Ал эми практикалык сынакты өткөрүү үчүн жалпы аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн заманбап автодром курулган. Кызмат көрсөтүүлөр «бирдиктүү терезе» принциби менен онлайн жана офлайн-форматта жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми комплекстин «Б» блогунда «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жаңы Калкты тейлөө борбору жайгашкан. Жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта тейлөө залы, электрондук кезек системалары, эне жана бала бөлмөсү, касса, паспорт берүү бөлүмү, архив жана VIP-зал бар. Жаңы борбордо 38 адис күнүнө 1 500 жаранды тейлей алат.
Имараттар президенттин фондунун жана президенттин иш башкармалагынын каржылык колдоосу менен тургузулуп, курулушка жер тилкесин Ош шаарынын мэриясы бөлүп берген.



