Коом

Токмокто көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Токмоктогу көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Кызматтын маалыматы боюнча, шаарда Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен алынган көмүр чекене баада тоннасы 6 200 сомдон 6 500 сомго чейин сатылууда. Ошондой эле сатууда Шабыркүл кенинин көмүрү да бар.

Сатуучулар учурдагы жылытуу мезгилине көмүрдүн кору жетиштүү экенин билдиришти. Мониторинг жүргүзүлгөн учурда калк арасында дүрбөлөң жана кезек күтүү байкалган жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button