Саясат

Шайназаров: Депутаттын мандатын чакыртып алуу механизми азырынча так жөнгө салынган эмес

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун айтымында, мыйзамда Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бирок бул процедураны ишке ашыруунун конкреттүү механизми азырынча жазылган эмес.

Ал белгилегендей, депутаттык ыйгарым укуктарды токтотууга өз каалоосу менен мандаттан баш тартуу, каза болуу, аракетке жөндөмсүз деп табылуу, башка өлкөгө чыгып кетүү же көчүп кетүү, соттун айыптоо өкүмү, жарандыктан чыгуу, ошондой эле бир сессиянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин жыйындарына 10 жолудан ашык катышпоо негиз боло алат.

«Конституциялык мыйзамда парламент депутатынын мандатын чакыртып алуу түшүнүгү бар, бирок анын конкреттүү механизми жөнгө салынган эмес», — деди Шайназаров.

Ал бул маселени чечүү үчүн колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Бул маселе депутаттын 29-сентябрда парламенттин комитетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн кийин көтөрүлгөн. Учурда петицияга 29 миңге жакын адам кол койгон.

Эске салсак, депутат Айдаркан Абдибаева Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин зордуктоо боюнча 154-беренесине жана 16 жашка толо элек бала менен бойго жеткен адамдын сексуалдык мүнөздөгү аракеттери үчүн жоопкерчиликти караган 157-беренесине ылайык пробация колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштаган. Анын билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.
Кийин Жогорку Кеңеш депутаттын сунушу жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук үчүн жоопкерчиликти жеңилдетүүгө багытталбаганын түшүндүргөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button