Коом

Санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды.

Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын жыйынтыгында 16 фирманы мыйзам чегинде жоюу үчүн сот органдарына материалдар өткөрүп берилди. Калган компаниялар боюнча текшерүү уланууда.

Банк секторунда да комплаенс-көзөмөл талаптары күчөтүлдү. 2-октябрга карата мамлекеттик банктар шектүү компаниялар менен кызматташууну токтотту:

«Элдик Банк» ААКсы — 126га жакын компаниянын эсебин жапты;

«АБанк» ААКсы — 100гө чукул компаниянын эсебин жапты.

Мындан тышкары, кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору компанияларды аныктап, «кара тизмеге» киргизүү механизми каралды. Бул тартип тышкы экономикалык операцияларга көзөмөлдү бекемдеп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга өбөлгө түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button