Ошто концерттен кийин стадиондон 5 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Кечээ, 4-октябрда Ош шаарында өткөн майрамдык иш-чарадан кийин А. Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондон 5 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси билдирди.
Стадиондо Ош шаарынын 3026 жылдыгына арналган масштабдуу гала-концерт өткөн. Иш-чара учурунда жана андан кийин негизинен желим бөтөлкөлөр, баштыктар жана кагаз кутулардан турган таштанды көп топтолгон.
Тазалык иштерине жалпысынан 50 кызматкер тартылган. Алардын 20сы концерт учурунда иштесе, дагы 30 кызматкер эртеси таң эрте стадионду тазалоого чыккан.
Майрамдан кийинки көрүнүш социалдык тармактарда талкууга алынып, шаардыктарды жана конокторду коомдук жайларда тазалыкты сактап, таштандыларды атайын челектерге салууга чакырыктар айтылды.



