Коом
Садыр Жапаров Нарында 9 балалуу үй-бүлөгө минивэн белек кылды

Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында көп балалуу үй-бүлөгө минивэн белек кылды. Бул тууралуу «Ынтымак ордо» кабарлады.
Жубайлар бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үч бөлмөлүү батир алышкан. Бүлөнүн тогуз баласы бар, кичүүсү жети айлык ымыркай.

Үй ээси милиция кызматкери болуп иштээри айтылды.
Белгилей кетсек, бүгүн Нарын шаарында 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилди.



