Коом
Чолпон-Атада КМШ коргоо министрлери курман болгон жоокерлерди эскерди

Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилери Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерип, Чолпон-Ата шаарын жашылдандыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чара бүгүн Ысык-Көл облусунда өткөн мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду.
Анын жүрүшүндө делегация башчылары 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүлчамбар коюшту.
Мындан тышкары, коргоо ведомстволорунун жетекчилери Чолпон-Ата шаарында бак-дарактарды отургузууга катышты.



