Пайдалуу кеңештер

Адис күзүндө өнөкөт ооруларынын күчөө себебин түшүндүрдү

Күз мезгилиндеги климаттык өзгөрүүлөр адамдын жүрөк-кан тамыр, тамак сиңирүү, иммундук жана нерв системаларына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер Александр Врублевский RT телеканалына берген маегинде билдирди.

Адистин айтымында, күндүн кыскарышы жана булуттуу аба ырайынын басымдуулук кылышы күн нурунун жетишсиздигине алып келет. Натыйжада организмде D витамининин иштелип чыгышы азайып, иммундук коргонуу начарлашы мүмкүн.

Мындан тышкары, гормоналдык өзгөрүүлөр серотониндин деңгээлинин төмөндөшүнө жана мелатониндин көбүрөөк бөлүнүп чыгышына алып келиши мүмкүн. Бул көңүл топтоонун начарлашына, алсыздыкка жана уйкучулукка себеп болот.

Врублевский суук шамал жүрөктүн ишемиялык оорусу бар адамдарда стенокардиянын кармашын пайда кылышы мүмкүн экенин белгиледи. Ал эми борбордук жылытуу системаларынын иштеши бөлмөдөгү абанын кургашына алып келип, дем алуу жолдорунун былжыр челдерине терс таасирин тийгизет.

Адистин маалыматына караганда, күзүндө бир катар өнөкөт оорулар күчөшү мүмкүн. Алардын катарына жүрөктүн ишемиялык оорусу, ашказандын жара оорусу жана өнөкөт гастрит кирет. Ошондой эле психоэмоционалдык абалга байланыштуу көйгөйлөр да күчөшү ыктымал.

Тектеш кабарлар

Back to top button