Коом

«Ош» базарында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү

Бишкектеги «Ош» базарында уй жана кой этинин белгиленген бааларын сактоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Рейдге Ленин райондук администрациясынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтын жана салык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Ишкерлерге эттин белгиленген бааларын сактоо жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдү негизсиз кымбаттатпоого жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мэриянын маалыматына ылайык, бааларга мониторинг жүргүзүү жана талаптардын сакталышын көзөмөлдөө улантылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button