Балыкчы менен Таласта жүрөккө операция жасала баштады

Балыкчы жана Талас шаарларында инфаркт алган бейтаптарга шашылыш жардам көрсөтүүчү адистештирилген борборлор иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев билдирди.
Анын айтымында, аталган борборлордо жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүлөт.
«Балыкчы шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун базасында май айында ангиографиялык аппарат менен жабдылган катетеризациялык борбор иштей баштаган. Ал эми Талас шаарында ушундай эле жабдуу 6-октябрдан тарта ишке кирди», — деди ал.
Эралиев белгилегендей, борборлордо миокарддын курч инфарктына кабылган жана инфаркт алдындагы абалдагы бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле кан тамырларга стент коюу жана жүрөк ритми бузулган учурда электрокардиостимулятор орнотуу сыяктуу операциялар жасалат.
«Кийинки этапта 10-ноябрга чейин Нарын шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ангиографиялык аппаратты ишке киргизүү пландалууда. Бул аймактын тургундарына жүрөк оорулары боюнча адистештирилген медициналык жардам алууну жеңилдетет», — деди ал.



