Коом

Кантта таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү комплекси курулат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү министрдин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилиги алдында Чүй облусунун Ысык-Ата районуна, Кант шаарына жана Ивановка айылына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гагарин айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, 1970-жылдардан бери иштеп келе жаткан 11 гектарлык таштанды төгүүчү жайга алты калктуу конуштан чыккан тиричилик калдыктары ташталат.

Текшерүү учурунда таштанды төгүүчү жайларда метан газынын топтолушунан улам калдыктар өзүнөн-өзү тутанып, түтөп жатканы аныкталган.

Адистердин түшүндүрмөсүнө караганда, метан негизинен тамак-аш калдыктары, бутактар жана чөп сыяктуу органикалык заттардын чиришинен пайда болот. Калдыктар чиригенде жылуулук бөлүнүп чыгып, таштандынын терең катмарларындагы температура 60–80 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Мындай шартта кагаз, кургак чөп жана пластик сыяктуу күйүүчү материалдар тутанып, өрттүн очогу таштандынын бир нече метр тереңдигине чейин жетет. Ал жакта метандын эсебинен калдыктар узак убакыт бою түтөп турушу мүмкүн.

Министрлик мындай көрүнүштөр тиешелүү техникалык талаптар сакталбаган жана долбоорсуз уюштурулган таштанды төгүүчү жайларда кездешерин белгиледи.

Мындай көйгөйлөрдү жоюу максатында министрлик тарабынан катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү заманбап полигондорду куруу боюнча техникалык ченемдер иштелип чыгып, кабыл алынган. Алар Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы №525 токтому менен бекитилген.

Белгиленген талаптарды так сактоо таштандылардын үзгүлтүксүз тутанышына, уулуу газдардын жана курамында диоксиндер менен оор металлдар бар зыяндуу түтүндүн бөлүнүп чыгышына жол бербөөгө багытталган.

Мындан тышкары, министрлик калдыктарды башкарууну жакшыртуу жана айланма экономиканы өнүктүрүү максатында өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) системасын ишке киргизген.

Анын негизги багыты — таштанды төгүүчү жайлардагы кайра иштетүүгө жарактуу калдыктарды мүмкүн болушунча көбүрөөк бөлүп алуу жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү.

Кант шаарынын мэриясы таштанды төгүүчү жайдын аймагына сорттоочу линия орнотууну пландап жатат. Ал жерде пластик, кагаз, алюминий банкалары, айнек жана башка кайра иштетүүгө жарактуу калдыктар бөлүнүп алынат.

Ошондой эле 2024-жылдан бери Жаратылыш ресурстары министрлиги, Евразия өнүктүрүү банкы, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жана «ТазаБио Сервис» ЖЧКсы ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде таштанды сорттоочу пункт түзүү долбоору ишке ашырылууда.

Долбоор алты компоненттен турат. Учурда анын алгачкы төрт компоненти аяктап, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жыйынтыкталуу алдында турат.

Долбоорго 30 миллион доллар инвестиция тартуу каралган. Комплексти 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Долбоордун алкагында:

  • таштандыларды сорттоочу жана алардан альтернативдүү отун (RDF) өндүрүүчү станция курулат. Өндүрүлгөн отун «КЦЗ» ААКсына өткөрүлөт;
  • жылына 16,5 миң тонна органикалык калдыктарды иштетүүчү компосттоо станциясы курулат;
  • жергиликтүү тазалоочу курулмалар орнотулат;
  • кайра иштетилүүчү чийки заттарды сактоочу кампалар курулат.

Министрлик жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына долбоорду тездетип ишке ашырууга көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button