Коом

Бишкекте Кайыргүл Сартбаева менен коштошуу аземи өттү

Бишкекте СССРдин эл артисти, опера ырчысы, профессор Кайыргүл Сартбаева менен коштошуу аземи өттү.

Маркум менен өзү көп жыл эмгектенген А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коштошушту.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, замандаштары, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кайыргүл Сартбаеванын дүйнөдөн кайтканын кыргыз маданияты, анын ичинде опера искусствосу үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи.

Анын айтымында, көрүнүктүү опера ырчысы кыргыз маданиятынын алтын доорун жараткан инсандардын бири болуп, өзүнүн талантын элинин руханий дүйнөсүн байытууга арнаган.

Ошондой эле ал Кайыргүл Сартбаеванын чыгармачылык мурасы жана жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгилеп, келечекте анын жолун улаган таланттар өсүп чыгарына ишеним билдирди. Маркумдун жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты.

Кыргыздын улуттук маданиятына жана опера искусствосуна зор салым кошкон Кайыргүл Сартбаева 20-октябрда дүйнөдөн кайткан.

Тектеш кабарлар

Back to top button