Коом

Кыргызстандыктар жалгыз бой энеге үч күндө 7 миллион сомго жакын каражат чогултушту

Кыргызстанда эки кичинекей баласын ээрчитип, электрцикли менен жеткирүү кызматында иштеген жалгыз бой энеге үч күндүн ичинде дээрлик 7 миллион сом чогултулду.

Окуя тууралуу дем алыш күндөрү Threads социалдык тармагындагы колдонуучулардын бири жазган. Ал суук аба ырайында эки баласын жанына алып, буйрутмаларды жеткирип жүргөн аялдын сүрөтүн жарыялаган. Балдардын бири чарчап уктап жатса, экинчиси энесинин жанында үшүп отурган.

Бул көрүнүш социалдык тармактын колдонуучуларын кайдыгер калтырган жок. Көп өтпөй адамдар аялды издеп таап, жардам берүү үчүн каражат чогултууну уюштурушкан.

Аялдын аты Ажар экени белгилүү болду. Ал эки жаш баласын жалгыз тарбиялап, батирде жашайт. Кечинде жана дем алыш күндөрү курьер болуп иштейт. Балдарын карап бере турган киши болбогондуктан, аларды жумушка кошо алып чыгууга аргасыз.

Ажар өзү эч кимден жардам сураган эмес. Социалдык тармактын колдонуучулары жана активисттер өз демилгелери менен каражат чогултууну башташкан.

Үч күндүн ичинде анын эсебине дээрлик 80 миң доллар түшкөн. Ажар мындай колдоону күтпөгөнүн айтып, өзүнө жана балдарына жардам берген бардык адамдарга ыраазычылык билдирген.

Тектеш кабарлар

Back to top button